Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы Ташкентте эки оюн өткөрөт

Кыргызстандын U-15 кыздар курамасы Өзбекстанга каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалымдалгандай, оюндар 26-28-ноябрь күндөрү Ташкенттин «Чагатай» футболдук базасында орун алат. Беттеш 26-апрелден 4-майга чейин орун ала турган Азия Кубогунун тандоо оюндарынын биринчи раундунун алкагында өтөт.
Белгилей кетсек, аталган беттештерге даярдык көрүү максатында курама 18-ноябрдан баштап КФБнын футбол академиясынын базасында машыгуулар болуп жатат. Даярдык башкы машыктыруучу Азамат Ногоевдин жетекчилиги астында жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан