Анталия аэропортундагы кырсык: Бишкектен уча турган учак дагы кармалууда

Анталиянын аэропортундагы учактан чыккан өрттөн кийин өлкөнүн ар кайсы шаарларында жайгашкан түрк аэропортторуна 20дан ашык учак конууга аргасыз болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Орусиядан келген учак кырсыкка кабылгандан кийин Анталия аэропорту учактарды кабыл алууну убактылуу токтоткон.

"Манас" аэропортундагы онлайн таблону карасак, Анталия шаарына уча турган PC709 каттам убактылуу кармалууда. Андан кийинки Ошко, Москвага уча турган учактар учуп кеткен.

Кечээ, 24-ноябрь күнү кечинде Орусиянын SSJ-100 учагы Түркиянын Анталия курорттук шаарынын аэропортуна конуп жатып күйүп кеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан