Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын куралдуу күчтөрү Днепр шаарындагы "Южмаш" заводуна сокку урган жаңы орусиялык орто аралыкка учуучу "Орешник" баллистикалык ракетасы тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Украинанын башчысы 24-ноябрда кечки кайрылуусунда билдирди.
Зеленскийдин айтымында, азыр ракета сыныктары текшерилип жатат. Ал ошондой эле дүйнөдө мындай ракеталардан коргонууга жөндөмдүү абадан коргонуу системалары бар экенин билдирди.
"Учурда бул ракетанын бардык деталдарын жана бардык мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча экспертизалар жана өнөктөштөр менен иштөө уланууда", - деп белгиледи Украинанын башчысы.
21-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинадагы "А.М.Макаров атындагы Түштүк машина куруучу заводуна" "Орешник" баллистикалык ракетасы менен сокку жасалганын билдирген. Орус лидери "Орешник" менен сокку уруу Киев өз аймагында америкалык жана британиялык өндүрүш куралдарын колдонгонуна жооп экенин белгилеген.
"Орешник" – бул орусиялык эксперименталдык мобилдүү жердеги ракеталык система жана ушундай эле аталыштагы орто аралыкка учуучу баллистикалык ракета. Анын аталышы биринчи жолу 21-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан бул ракетаны сыноо жана согуштук колдонуу учурунда айтылган.