Мадагаскар аралынын жээгинде 2 кеме оодарылып, 24 адам каза болуп, 46 адам куткарылды. Бул тууралуу Сомалинин өкмөтүнүн билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Инд океанына чөгүп кеткен 2 кеме сомалиликтерди ташып бараткан. Алардын көбү жаштар болгону айтылууда. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги тирүү калгандарга жардам көрсөтүү жана аларды мекенине кайтаруу үчүн иштер жүрүп жатканын маалымдаган.
Ал эми Сомалинин Эфиопиядагы элчиси жетектеген делегация окуяны иликтөө үчүн Мадагаскарга барары күтүлүүдө. Азырынча кемедегилер каякка бара жатышканы белгисиз.