УКМК Ташиевге коркутуу катын ким алып келгенин көрсөттү (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге түшкөн жашыруун кат боюнча кылмыш иши козголуп, катты ким жөнөткөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ыкчам издөө жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон Ж.А.С. аттуу жаран аныкталган.

"1994-жылдан тартып ал Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн. Ыкчам тергөө тобу тарабынан ал жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүү жана өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды.

Алсак, Ж.А.С. коркутуу максатында Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген.

Ал өздүк маалыматтарын жашыруун сактоо максатында, белгилүү жашаган жери жок Б.М. М. аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн, жашыруун катты камтыган конвертти УКМКнын коомдук кабылдамасына жеткирген", - деп билдиришти УКМКдан.

Жыйынтыгында каттын автору кармалып, ага жогорудагы кылмыш боюнча айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленген.

"Кылмыш ишинин алкагында коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер, конвертке мөөр басылган сүргүчтүн үлгүлөрү алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана аны жасоонун себептерин аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралар улантылууда. Мындан тышкары Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө бул жарандын тиешеси бар экендиги аныкталды, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталат", - деп кошумчалашты УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан