Батыш Африкадагы Мали өлкөсүнүн борборунда "Аль-Каида" менен байланышы бар топтун кол салуусунан "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын кеминде алты орусиялык жалданма жоокери набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кол салуу 21-ноябрда болгон. Мопти чөлкөмүндө "Вагнер" аскерлери курчоого кабылып калып, бир нече согушкер жок кылынган жана алардын унаалары өрттөлгөн.
Жарыяланган видеодо аскер кийимчен беш кишинин сөөгү унаанын жанында жатканын көрүүгө болот. Видеонун аныктыгы азырынча тастыктала элек.
Малиде бул "вагнерчилерге" экинчи кол салуу. Аларга ушундай эле кол салуу ушул жылдын июль айынын аягында болгон. Андан Алжир менен чек арада болгон кагылышууда "Вагнердин" 84 жоокери жана африкалык мамлекеттин өкмөттүк күчтөрүнүн 47 жоокери набыт болуп, ондогон адамдар туткунга алынганы кабарланган.
"Вагнер" – маркум ишкер Евгений Пригожин тарабынан түзүлгөн орусиялык мамлекеттик эмес жана мыйзамсыз куралдуу топ. Бир катар өлкөлөрдө ал террористтик уюм статусуна ээ.
2014-жылдан бери "Вагнер" Украинада, андан кийин Сирия жана Африканын башка аймактарында иштеп келген. Компания оор техника, артиллерия жана согуштук авиация менен куралданган.