Түркияда 20 миңдей киши жашаган жер астындагы Деринкую шаарын уктуңуз беле? Баяндап беребиз

Каппадокия Түркиянын туристтик аймагы. Узундугу 150 чакырымды түзүп, Аксарай жана Кайсери шаарлары менен чектешет. Расмий түрдө облус, район, же Каппадокия шаары жок. Бул тарыхый аймакка берилген аталыш. Андагы аскалуу өрөөндөргө, жер астындагы шаарларга жана аба шарларына саякат сиздин түрк курортторундагы эс алууңузду ар тараптуу кылат. Каппадокияда алты жер астындагы шаар бар. Алардын эң белгилүүлөрү Каймаклы жана Деринкую. Бул макалада биз Каппадокиядагы Деринкую - жер астындагы шаары тууралуу баяндайбыз.

Деринкую - байыркы көп кабаттуу жер астындагы шаар. Кападокиядагы туристтер үчүн жеткиликтүү эң чоң үңкүр конушу. Биздин заманга чейин II-I миң жылдыкта курулган. Анда адамдар душмандын жортуулдары учурунда жашынган. Деринкую түркчөдөн которгондо "терең кудук" деген маанини туюндурат.

Ал азыркы Түркиянын аймагындагы ошол эле аталыштагы Деринкую айылына жакын жерде, Невшехир шаарынан 29 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Шаар 1963-жылы ачылып, 2 жылдан кийин туристтер үчүн ачылган. Анын канча кабаттуу экени так белгисиз, болжол менен 21, анын 8и тазаланган. Болжолу 60 метр тереңдикке жеткен шаарда байыркы убакта тамак-аш жана мал менен бирге 20 миң кишиге чейин баш калкалаган.

Шаардын аянты так белгиленген эмес: 1,5-2,5 км² чейин болушу мүмкүн. Окумуштуулар азыр шаардын бардык аймагынын 10-15 пайызы гана изилденген деп эсептешет. Анда чиркөөлөр, ашканалар, азык-түлүк кампалары, шарап заводдору, мал сарайлар жана кудуктар болгон. Аба вентиляция стволдору аркылуу кирет.

Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан