Парламент комитети оорукана жетекчилерине бир убакта жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзамды колдоду

Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов демилгелеген мыйзам мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин бир убакта жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салууну көздөйт.

Жыйында баяндама жасаган комитет төрайымы Винера Раимбачаева мыйзамга жарандарды ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун депутаттар экинчи окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан