Орусияда 27 жаштагы кыз батир үчүн атасын киллер жалдап өлтүрүүгө аракет кылды (видео)

Орусиянын Хабаровск шаарында 27 жаштагы кыз батир үчүн атасын өлтүрүүгө буйрук берүүгө аракет кылып, аны полицияга күйөөсү айтып салгандан кийин кыздын ою ишке ашпай калды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Тelegram каналында билдирди.

"Өз атасын буйрутма менен өлтүрүүнү уюштурууга аракет кылган деп шектелген Хабаровск шаарынын 27 жаштагы тургуну кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка анын батирине ээлик кылуу ниети себеп болгон. Кол салган адам киши өлтүргөн адамды издеп, күйөөсүнө жардам сурап кайрылган", - деп жазды Волк.

Аял күйөөсүн киллер катары жалдаган. Бирок ал аялынын буйрутмасын аткарбай, полицияга кабарлаган. Полиция кызматкерлери кыздын бул буйрутмасынын уюштурулуусуна катышып, андан кийин анан кызды кармаган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Орусияда 27 жаштагы кыз батир үчүн атасын киллер жалдап өлтүрүүгө аракет кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан