Литванын борбору Вильнюс шаарында жүк ташуучу учак кабылган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды. Чет элдик басылмалар жазгандай, кырсык техникалык мүчүлүштүктөн улам келип чыгышы ыктымал.
Белгилей кетсек, DHL компаниясына таандык Boeing 737-400 учагы Вильнюс шаарындагы эки кабаттуу турак жайдын үстүнө кулап түшкөн. Кырсык бүгүн, 25-ноябрда эртең менен саат 5:30дар чамасында катталганы кабарланган. Тактап айтканда, учак Германиянын Лейпциг шаарынан Вильнюс аэропортуна учуп бара жаткан.
"Тергөөдө каралып жаткан окуянын негизги себеби техникалык маселелерге байланыштуу болушу мүмкүн, бирок бул боюнча эксперттердин корутундусу керек", - деген Кризистик кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Вилмантас Виткаускас.
Полициянын башкы комиссары Арунас Паулаускастын айтымында, учак толугу менен кыйрап, жүк чачырап кеткен.
"Мунун себеби, балким, техникалык мүчүлүштүк же адамдык ката болушу мүмкүн. Учак төмөндөп, учуу-конуу тилкесине жетпей калган. Мына ушундай фактылар белгилүү", - деген ал.
Маалым болгондой, учакта төрт адам болгон. Кырсыктан экипаждын бир мүчөсү жеринде көз жумган.