Атактуу футболчу Эрлинг Холанд түрмөгө камалышы мүмкүн

Англиялык "Манчестер Ситинин" жылдызы Эрлинг Холанд адаттан тыш кырдаалдын чордонунда калды. Тагыраагы, норвегиялык чабуулчу болгону 60 франк (5700 сом) төлөнбөгөн айып үчүн Швейцарияда бир күн абакка кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Холанд 25-октябрда Швейцариянын Во аймагына барып, айып төлөгөн эмес. Швейцариянын мыйзамдарына ылайык, норвегиялык жаран кийинки жолу өлкөгө келип, айып пул төлөнбөй калса, ал 24 саат камакта отурушу керек.

Бирок ал учурда атасы жашаган Швейцарияга кайра келип, айыпты төлөсө абакка отурбайт.

Дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчулардын бири Холанд жумасына болжол менен 433 миң евро табат, ал эми жылдык кирешеси 21 жарым миллион швейцариялык франктан ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан