Новосельеде автобус менен жүк ташуучу унаанын катышуусундагы кырсыктан 10дон ашык адам жабыркады. Маалыматты орус басылмалары ИИМдин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча басма сөз кызматына таянып билдиришүүдө.
Новоселье айылында 25-ноябрда саат 07:24тө Красносельское шоссесинде автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, 181-автобусту Борбор Азия мамлекеттеринин биринин жараны башкарган. Анда автобустун айдоочусу жол жээгинде токтоп турган жүк ташуучу унааны арт жактан сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 11 адам жабыркап, анын ичинен 5 жашы жете элек өспүрүм бар, ал эми жабырлануучулардын биринин абалы оор деп айтылууда.