Өзбекстанда 10 айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 399 адам соттолду

Өзбекстанда 2024-жылдын 10 айында 15 427 адам Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 59-2-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча административдик жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов билдирди.

Анын ичинен 9 миң 210 адамга айып салынып, 6 миң 217 адамга административдик камакка алуу чарасы колдонулган.

Кылмыш-жаза кодексинин 126-1-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча 399 адам соттолуп, алардын 126сы эркинен ажыратуу, 255и ар кандай жазага кесилген. 18 адам белгилүү убакка чейин кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан