Израил кайрадан Бейруттун түштүгүнө сокку урду (видео)

Израилдин аскер-аба күчтөрү Бейруттун түштүк чет жакаларына кайрадан чабуул жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Бүгүн, 25-ноябрда Израилдин учактары Ливандын борбору Бейруттун түштүк четине дагы сокку урганын LBCI телеканалы билдирди.

Буга чейин Израилдин аскерлери Харат-Хрейк муниципалитетинин тургундарына аба күчтөрүнүн жакынкы рейдине байланыштуу эвакуациялоо зарылдыгы тууралуу эскертүү берген.

LBCI телеканалынын айтымында, Израил Ливандагы согуштук операцияларды кучөтүп, Бейрутка жана анын түштүк тегерегине дайыма сокку уруп жаткандыгын белгилейт.

Өз кезегинде “Хезболла” кыймылы бир күн мурда Ливан менен Израилде 51 операция жасаганын, тогуз аскерий базага, 14 шаарга жана калктуу конушка, беш казармага жана башка аскерий объектилерге, ошондой эле израилдик аскерлер топтолгон 18 жерге чабуул жасаганын билдирген.

Израил кайрадан Бейруттун түштүгүнө сокку урду 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан