Өзбекстандын үч жараны БАЭде израилдик раввинди өлтүргөн деген шек менен кармалды

Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдары Израилдин раввини Зви Коганды өлтүргөн деген шек менен Өзбекстандын үч жаранын кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлиги билдиргендей, кармалган үч адам 28ден 33кө чейинки жаш курактагы Олимп Тоирович, Махмуджон Абдурахим жана Азизбек Камалович аттуу жарандар.

БАЭнин ИИМи окуянын чоо-жайын, жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн тез арада зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилеген.

Молдова жана Израилдин паспорттору бар раввин бир нече күн мурун үй-бүлөсү менен байланышууну токтоткон жана бир күн мурун полиция анын сөөгүн Абу-Дабиге жакын жерде унаадан таап, ал киши өлтүрүлгөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан