Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Азия футбол конфедерациясынын «А» категориясындагы дарбазачылардын машыктыруучулары үчүн окутуусу старт алды. Бул туурасында КФБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жалпы 12 машыктыруучу катышып, алардын катарында Түркмөнстандан келген адис да бар.
"Курстун окутуучусу - Ирандан келген адис Жалал Башарзад. Ага биздин ата мекендик адис Закир Джалилов жардам берет. Курстун программасы теориялык, практикалык сабактарды камтыйт жана 1-декабрда жыйынтыкталат", - деп белгиленген маалыматта.
АФКнын «А» категориядагы курстар даражасы боюнча эң жогорку болуп эсептелинип, ал Кыргызстанда алгачкы жолу орун алып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.