Азербайжан менен Иран биргелешкен аскердик машыгууларды баштады

Азербайжандын кургактагы күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрү менен Ирандын революциялык гвардиясынын биргелешкен “Араз-2024” тактикалык машыгуулары башталды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, маневрлар Ирандын Ардебил провинциясындагы Асландуз конушунун жанында жүрүп жатат жана алар төрт күнгө созулат.

"Окуу башталардын алдында эки өлкөнүн делегацияларынын жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн катышуусунда командалык-штабдык жыйын өттү. Анда окуунун этаптарынын жана эпизоддорунун ырааттуулугу аныкталып, коопсуздук чаралары боюнча маалымат берилди", - деп айтылат аскер ведомствосунун билдирүүсүндө.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНА ыңкылап гвардиясынын кургактагы күчтөрүнүн билдирүүсүнө таянып кабарлагандай, машыгуунун максаты эки өлкөнүн мамилесин чыңдоо, мыйзамсыз куралдуу уюмдарга каршы биргелешип күрөшүү, чек ара коопсуздугун чыңдоо жана аскерий потенциалды жогорулатуу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан