Португалия курамасынын жылдызы, "Аль-Насрдын" чабуулчусу Криштиану Роналду Азия чемпиондор лигасынын алкагында "Аль-Гарафа" клубу менен болгон оюнда дубль жаратып, өзүнүн рекордун жаңылады.
39 жаштагы португалиялык чабуулчу муну менен профессионалдык карьерасында 913 гол киргизди. Бул учурдагы рекорд. Буга чейин эч бир футболчу мындай көрсөткүчкө жеткен эмес.
Криштиану Роналдунун бул сезондогу статистикасына келсек, ал "Аль-Наср" үчүн 17 оюнда 13 гол киргизип, 3 жолу голдук пас чыгарып берген.