Кытайда 23 жаштагы жигит 3 жашынан бери мурдуна кептелген кубик менен жашап келгени айтылды

Кытайда дарыгерлер адамдын мурун көңдөйүнө кептелип калган кубикти алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Сиань шаарынын 23 жаштагы тургуну узак убакыт бою өнөкөт чүчкүрүүдөн, мурундун бүтүшүнөн жабыркап келген. Ал салттуу кытай медицинасынын жардамы менен айыгуудан майнап чыкпагандан кийин гана шаардык ооруканага кайрылган. Доктурлар анын мурун көңдөйүнөн кубик табышып, хирургиялык жол менен алып чыгышкан.

Ал эми кытайлык жаран бул нерсе 3 жашында мурдуна кирип кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок ал кандайча болгонун так айта алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан