Бишкек шаарынын аймагында психотроптук заттарды сатуу менен алектенген 2006-жылы туулган А.уулу К. жана 1998-жылы туулган Э.Д. аттуу жарандар кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда баңгизаттарды катып жаткан жеринен, башкача айтканда, “закладка коюуда” кармалган. Кароо учурунда психотроптук заттарды өзгөчө ири өлчөмдө каткандыгы аныкталган.
Биринчи май жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматтары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Шектүү эки жаран ижарага алынган батирде психотроптук каражаттарды зип-пакеттерге ороп даярдап, социалдык баракчалар аркылуу сатып жүргөндүгү аныкталган. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киршизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.