Ким Чен Ындын карындашы Түштүк Кореянын жасаган ишин айыптады

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын карындашы, Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Ким Ё Чжон Түштүк Кореяны "өлкө аймагына саясий баракчаларды таштаган" деп айыптады. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигине таянып ТААС агенттиги жазды.

Ал 26-ноябрда чек арага жакын аймактардан Түштүк Кореядан жөнөтүлгөн саясий үгүт материалдары жана буюмдары кайрадан табылганын, учурда мамлекеттик коопсуздук органдары буюмдарды чогултуп, жок кылуу иштерин жүргүзүп жатканын белгилеген.

"Мен расмий Сеулдун жийиркеничтүү аракеттерин айыптайм. Алар кайрадан республикага каршы саясий интрига макулатурасын чачып, биздин ыйык аймакты булгап, провокация жасап жатат", - деген Ким Ё Чжон.

Пхеньян түштүк кореялык активисттердин чек арага жакын аймактарга саясий баракчаларды ыргытуусун жоопсуз калтырбай турганын эскертип келет. Ал эми май айынын аягынан бери Түндүк Корея Сеулду көздөй таштанды шарларын учурууну улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан