Ош шаарында баңгизат сатууга шектелип Кара-Суу районунун тургундары кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык милиция 7-майда Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизат сактоо) боюнча кылмыш ишин козголгон. Анын алкагында наркотикалык баңгизатты сатып жана сактап жүргөн жарандардын өздүгү такталып, алардын арасында бир нече жолу соттолгондор да бар экени аныкталган.
Жалпысынан 5 кылмыш иши ачылып, 3 айга жакын тергөө амалдары жүргүзүлгөн жана 6 үйдө тинтүү иштери болгон. Натыйжада 22,68 грамм марихуана, 12 грамм гашиш табылган. Шектүү делген Ош облусунун Кара-Суу районунун 3 тургуну кармалган.
Ошондой эле Ош шаардык милициясы бул иш боюнча күбө катары алып келингендердин арасында баңгизат тууралуу профилактикалык иштер жүргүзүлгөнүн белгилеп, учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.