"Суроо жаратты". Акжол Махмудов күрөш боюнча машыктыруучулардын алмашышы боюнча үн катты

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучуларынын алмашышы боюнча үн катты.

Балбан социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган. Анда ал машыктыруучулардын кетиши ал үчүн көптөгөн суроолорду жаратып жатканын жашырган жок.

"Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучулары Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев кызматынан кетишти.

Бул чечим жеке мен үчүн көптөгөн суроолорду жаратты, бул кабар менин жүрөгүмө оор жүк таштаганын моюнума алам.

Урматтуу Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев! Сиздердин жетекчилигиңиздер астында машыгуу мен үчүн чоң сыймык болду.

Менин спортчу жана адам катары калыптанышыма кошкон эбегейсиз салымыңыздар үчүн сиздерге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис жана менин жолумда сиздердей машыктыруучулар болгонуна сыймыктанам", - деп жазды Акжол Махмудов.

Буга чейин Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамасынын машыктыруучулар штабы алмашкан. Тагыраагы, эркин күрөш боюнча Руслан Маджиновдун ордуна Азат Мирахимов дайындалса, грек-рим күрөшү боюнча Азат Эркимбаевдин ордуна Уран Калилов улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан