Чемпиондор Лигасынын жалпы баскычынын 5-турдук оюндарынын алкагындагы мюнхендик "Бавария" менен париждик ПСЖ клубунун ортосундагы беттеш минималдуу эсеп санында аяктады.
Оюн бүгүн, 27-ноябрга караган түнү Мюнхендеги "Альянц-Арена" стадионунда өтүп, 1:0 эсебинде үй ээлеринин пайдасында аяктады. Беттештеги жалгыз голду 38-мүнөттө "Бавариянын" коргоочусу Ким Мин Же ачты.
Оюндун 56-мүнөтүндө париждик клубдун чабуулчусу Усман Дембеле экинчи сары айып кагазын алып, оюндан четтетилди.
Муну менен "Бавария" беш оюнда тогуз упай топтоп, турнирдик жадыбалда 12-орунга. Ал эми ПСЖ болгону 4 упайы менен турнирдик таблицада 26-орунда.