Актёр Чыңгыз Максүтов жубайы, блогер Айдина Турдалиевага туулган күнүндө унаа белек кылды. Бул тууралуу блогер социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео жүктөдү.
Блогер туулган күнүндө жолдошунан алган белек үчүн ыраазычылык билдирип, "Мындай белек үчүн рахмат! Аллахыма ыраазымын сендей жолдошум барына. Баарыңыздарга буюрсун" деген.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Максүтов менен жубайы Айдина Турдалиева 2023-жылы баш кошушкан, учурда бир уулдуу тарбиялап жаткан кези.