Кыздар футбол командасы: Кыргызстан Өзбекстан менен тең чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча U-15 кыздар курамасынын Өзбекстандын командасы менен болгон оюну тең чыгуу менен аяктады. Бул туурасында кечээ, 26-ноябрда Кыргыз футбол биримдигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алгачкы жолдоштук беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Голдун автору Анеля Асанбекова болду. Жооптук беттеш 28-ноябрда орун алат.
Белгилей кетсек, беттештер кийинки жылдын 26-апрелинен 4-майына чейин орун ала турган Азия Кубогунун тандоо оюндарынын биринчи раундунун алкагында өтүп жатат. Оюндар Ташкенттин «Чагатай» футболдук базасында орун алууда.
Кыздар курамасы башкы машыктыруучу Азамат Ногоевдин жетекчилиги астында оюн өткөрүшүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан