Бир нече жолу соттолгон шектүүнүн автобуста жасаган жосуну видеого түшүп калган. Ал кармалды (видео)

Бишкекте бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө 19 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү коомдук транспортто Vivo Y20 үлгүсүндөгү телефонун уурдатып ийгенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Уурдоо ) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шаардык милиция шектүү мурда бир нече жолу соттолгонун, учурда дагы башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына шектелип жатканын кошумчалады.

27.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан