Бангладеште миңдеген демонстрант шайлоо участкаларына чабуул коюп, бюллетендерди уурдап кетишти. Бул тууралуу кечээ, 5-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полиция шайлоо маалында оппозициянын тарапкерлери 200дөн ашуун шайлоо участогуна (мектептерге) өрт коюшканын, кагылыштарда кеминде 18 адам набыт болгонун кабарлады.
Буга премьер-министр Шейх Хасина шайлоо маалында бийликтен кете туруудан баш тартканы себеп болгон. Анткени бул оппозициянын талабы болчу.
Учурда өлкө боюнча коопсуздукту камсыз кылууга 50 миңдей аскер тартылганы кабарланууда.