
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 27-ноябрда саат 14:56да Кыргызстандын аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен. Ал Кара-Киндик айылынан 10 чакырым Түштүк чыгышта, Сары-Таш айылынан 23 чакырым түндүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 105 чакырым түштүк чыгышка чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.