Чүйдүн Искра айылында окуучулар жапырт ууланышты. Токмок шаардык ооруканасына 11 бала түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Чүй ОИИББиден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 7-класстын окуучусу таштанды полигонунан "BEN 10" деген таттуу менен бөтөлкөдөгү таттуу сууну таап алганын аныктаган. Ал таттууларды мектепке алып барып классташтары менен бөлүшкөн.
Балдарга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.