Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрда милицияга Л.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-ноябрь күнү А. атуу жаран "чет өлкөгө виза жасатып берем" деген шылтоосу менен ишеничине кирип, 30 миң сом алып, дайынсыз болуп кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 35 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып, жабырлануучулар такталууда.