Бишкектеги кафеден ичинде 390 миң сому бар барсетка уурдалган. Милиция уурулук кылган жарандын видеосун жарыялады

Бишкекте бир катар уурулукка шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда милицияга 30 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 19:30 чамасында Чүй көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринен кол барсеткасын уурдатканын айткан. Анын ичинде жабырлануучуга таандык 390 миң сом болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катар мурда соттолгон 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шаардык милиция кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталганын кошумчалады.

28.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан