Таң атпай Бишкекте автобустун айдоочусу 73 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кетти

Бишкек шаарында эл ташыган автобус сүзгөн жаран каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-ноябрда болжол менен эртең мененки саат 06:30 чамасында Курманжан датка көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол менен өтүп барткан 73 жаштагы аялды автобустун 60 жаштагы айдоочусу сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынын кесепетинен "Тез жардам" келгенче каза болгон.

Факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Бул боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, автобус айып короого токтотулду. Ал эми айдоочу тергөө иштерин жүргүзүү үчүн милицияга жеткирилди.

Шаардык милиция тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан