Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыс боюнча 813 адам абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, эркиндигинен ажыратылган дагы 325 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган. Алардын канчасы түрмөдөн чыкканы тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымат бере элек.
Абактан бошотулган 813 адамдын ичинен 25и 60 жаштан өткөн эркектер менен 55 жаштан ашкан аялдар, 10у I жана II топтогу майыптар, 25и жашы жете элек экиден кем эмес балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары барлар.
"Түрмөдөн чыккандардын 688и биринчи жолу анча оор эмес кылмыштарды жасагандар. Алты аял жалгыз бой энелер, бешөө көп балалуу аялдар", - деп айтылат маалыматта.