Кечээ, 28-ноябрда ФИФАнын футбол боюнча улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги чыкты. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Ага ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы буга чейинки рейтингге салыштырмалуу бир сапка түшүп, 107-орунду ээледи.
Айта кетсек, кураманын капчыгында 1194 упай бар.
Ал эми АФК зонасында курама 18-орунда.