Бишкекте жарандын 15 миң долларлык унаасын алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде милицияга М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал чала таанышы февраль айында ишенимине кирип, Киа К5 үлгүсүндөгү унаасын "1 жарым айдын ичинде төлөйм" деген шылтоосу менен 15 миң долларга сатып алганын, бирок акчаны убагында кайтарбай, дайынсыз болуп кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 38 жашатагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан