"Роналду жок". ФИФА 2024-жылдын мыкты футболчусу наамына талапкерлерди жарыялады

Эл аралык футбол ассоциациясы (ФИФА) 2024-жылдын мыкты оюнчусу наамына талапкерлердин тизмесин жарыялады.

ФИФА жарыялаган тизмеге 11 футболчу кирген. Алар: Жуд Беллингем, Килиан Мбаппе, Дани Карвахаль, Федерико Вальверде, Тони Кроос, Винисиус Жуниор (бардыгы "Реал"), Эрлинг Холанд, Родри (экөө тең "Манчестер Сити"), Лионель Месси ("Интер Майами"), Флориан Вирц ("Байер") жана Ламин Ямаль ("Барселона").

Талапкерлер 2023-жылдын 21-августунан 2024-жылдын 10-августуна чейинки ойногон оюну жана көрсөткөн жыйынтыктарынын негизинде тандалып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан