Сүлүктү шаардык кеңешине жаңы төрага болгон адамдын үстүнөн арыз түштү

Сүлүктү шаарында жаңыдан дайындалган шаардык кеңешинин төрагасынын үстүнөн 48 жаштагы аялдан арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда саат 22:00 чамасында арыздануучу жашаган үйдүн жанына белгисиз унаа келип сигнал берип, тынчын алган. Ал эшикке чыкканда унаадагы таанышы болуп чыккан. Таанышы тынчын ала бергендиктен милицияга жеткирүүнү чечип, аны алып бара жатканда жолдон жаңыдан шаардык кеңешке төрага болуп шайланган 53 жаштагы жаран токтоп турган унаасынан түшүп, аны уруп жиберген.

Бул факты каттоого алынып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми арыздануучуга тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан