Якутиянын башчысы Айсен Николаев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Белгиленгендей, сапардын алкагында Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуусу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк чемпиондуктун салтанаттуу ачылышына катышуусу пландалууда.
Маалымат үчүн: Саха Республикасы (Якутия) — Орусиянын эң маанилүү аймактарынын бири. Кыргызстан менен Якутия көп жылдык салттуу байланыштарга ээ.