Кыргызстандык команда Москвада баскетбол боюнча чемпион болду (видео)

КМШ өлкөлөрүнүн арасында уюштурулган мектептердин эл аралык XI спорт фестивалында Кыргызстандан барган "Ginnes" клубунун оюнчулары баскетбол оюнунда чемпион болду. Бул тууралуу аталган команда Инстаграм баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, мелдеш Москва шаарында 24-ноябрдан 29-ноябрга чейин созулган. Ага Кыргызстандан барган "Ginnes" клубунун балдары жана кыздары баскетбол оюнуна катышып, жеңишке жетти. Ал эми жалпы фестивалга КМШ өлкөлөрүнөн 450гө жакын спортчу күч сынашкан.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль 2013-жылдан баштап Орусиянын ар кайсы аймактарында уюштурулуп келет. Мелдеш спорттун алты түрү боюнча өткөрүлөт: стол тенниси, волейбол, баскетбол, кичи футбол, шахмат жана күрөш.

Баскетбол оюнунун курама командасы:

Балдар:

Асылбеков Нуркамил (2009);
Мадаминов Абдуллах (2009);
Асанбеков Нуртемир (2009);
Абдыев Аман (2009).

Кыздар:

Фенг Люси (2010);
Дехканова Даяна (2009);
Зиятдинова Лейсан (2011);
Фролова Полина (2011).

Кыргызстандык команда Москвада баскетбол боюнча чемпион болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан