Башкы прокуратура Коргоо министрлигиндеги командирди кармап, гауптвахтага киргизди

Коргоо министрлигинин Бишкек турак жай пайдаланууну камсыздоо базасына жүргүзүлгөн текшерүүдө наркы 26 миллион сомдон ашкан МАМ-19 спорт комплекси мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган базага Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган базанын командири Ж.Э.Ш. аттуу жаран кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.

Башкы прокуратура учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жатканын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан