Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 18 жаштагы жигит кулап каза тапты

Бишкек шаарында 18 жаштагы бала курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда саат 18:06 чамасында милицияга курулуп жаткан объектилердин биринде бийиктиктен кулап каза болгон жаран тууралуу билдирүү келип түшкөн. Маалыматты тактоо үчүн жерине ыкчам тергөө тобу барган. Текшерүүдө 18 жаштагы жаран каза болгону такталган.

Бул факты боюнча бардык экспертизалар дайындалып, анын өлүмүнүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан