Чүйдө жаран 44 миң долларга бааланган 2 унаасын алдаткан. Шектүү кармалды

Сокулук районунда ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде милицияга 38 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал былтыр 1-декабрда СРиом-Авто аталышындагы унаа базарынан шектүүгө Toyota RAV-4 XLE жана Geely Coolray үлгүсүндөгү унааларын алдатып ийгенин айткан. Натыйжада жабырлануучу 44 миң доллар зыян тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 43 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан