"Клуб, сейил бак, милиция бөлүмү". УКМК Чүйдөгү 11 объектти мамлекетке кайтарды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 11 социалдык объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекетке өткөрүлгөн клуб, сейил бак, суу мунарасы, милиция бөлүмүнүн имараты, медициналык мекемелер 1998-2006-жылдар аралыгында жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган. Атайын кызмат аталган курулмалардын базар наркы 120 миллион 130 миң сомду түзөрүн белгиледи.

УКМК учурда мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан