Базар-Коргондогу жол кырсыгынан 18 жаштагы айдоочу каза тапты

Бишкек–Ош унаа жолунун 548-чакырымында катталган жол кырсыгынан бир жаран каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-ноябрда Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 27-ноябрда болжол менен саат 20:30 чамасында Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айыл аймагынын жолунда болгон. Анда Бишкек багытын көздөй бара жаткан Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Sonata унаасынын 18 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Ал эми Lexus'тун 43 жаштагы айдоочусу менен 37 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам Базар-Коргон райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан.

Кайгуул кызматы маркумдун жансыз денеси өлүк сактоочу жайга жеткирилип, соттук-медициналык экпертиза дайындалганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан