Бишкекте 30 жаштагы жаран миллиондогон сомдук алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалымдагандай, 9-августта милицияга 30 жаштагы жарандын үстүнөн арыз түшкөн. Анда жабырлануучуга шектүү Кытайдан Li 9 үлгүсүндөгү унаа алып келип берүүгө жана андан ары биргелешип бизнес кылуу убадасын берип, андан 8 миллион 680 миң сом алган. Бирок ал убадасына турбастан, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шаардык милиция шектүүнүн дагы ушул сыяктуу кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан