Президент Садыр Жапаров Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту

Бүгүн, 29-ноябрда президент Садыр Жапаров Ынтымак ордодо Саха (Якутия) Республикасынын Башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда өлкө башчы Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн сапардын маанилүүлүгүн, жалпы маданий жана тарыхый байланыштарды, ошондой эле Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү белгиледи.

Ал Саха Республикасынын опера жана балет театрынын гастролдору жана хапсагай боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу маданий жана спорттук иш-чаралардын ийгилигин баса белгилеп, мас-рестлинг боюнча алдыдагы чемпионатка үмүт артарын билдирди.

Садыр Жапаров соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу ал бизнес-миссиялар менен алмашууну жөнгө салууну сунуштады жана ошондой эле эки тараптын туристтик потенциалын белгиледи.

Садыр Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда Якутия Маданият күндөрүн өткөрүү пландарын белгилеп, алардын жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Саха Республикасынын Башчысы Айсен Николаев боордош Кыргызстан жерине биринчи жолу келгенин белгилеп, Якутия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогору бааларын баса белгиледи.

Айсен Николаев региондор ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканын белгилеп, 2026-жылы Кыргызстанда "Азия балдары" көчө оюндарын өткөрүүнү сунуштап, бул иш-чара достуктун символу болуп, спорттук өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошоорун баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан