Бүгүн, 30-ноябрда таңкы саат 5:00 чамасында "Вефа" соода борборунун жанындагы Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видео интернет желесине тарады.
Видеодо эки унаа кагашып, андан кийин анын бири бакты сүзгөнүн көрүүгө болот. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар бар.
Бул окуя боюнча милиция маалымат бере элек.