Бүгүн, 30-ноябрь күнү өлкөнүн ар бир облустары - "Баткен шаары" (Баткен облусу), "Ынтымак" (Жалал-Абад облусу), "Ат-Башы" (Нарын облусу), "Ноокат" (Ош облусу), "Каракол" (Ысык-Көл облусу), "Коопсуздук" (Талас), "Сары-Өзөн" (Чүй облусу) менен "Журналистер" (Ош шаары) жана "НЭСК" (Бишкек шаары) тогуз команданын катышуусу менен футзал боюнча "Мурас-Аймак" достук мелдеши старт алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалымдалгандай, турнирдин баштапкы этабында жалпысынан 242 команда катышты. Финалдык баскычка жеткен бул командалар өз облус жана шаарларында октябрь жана ноябрь айларында өткөн аймактык мелдешке катышып, мыкты болуп табылган. Достук мелдеш Бишкек шаарынын Каба уулу Кожомкул Спорт сарайында өтүүдө.
Мелдештин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышты.