Бишкекте эми мындан ары коомдук транспорттордо накталай төлөөгө болбойт

Бишкекте 2-декабрдан тарта автобустарда накталай акча чогултуу боюнча план жокко чыгарылат. Бул тууралуу кечээ, 30-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Калаа башчы Айбек Жунушалиевдин чечимине ылайык, план жокко чыгарылат. Бирок накталай төлөнгөн акчанын эсеби камералар аркылуу көзөмөлдөнөт. Эгер акча жетпей кала турган болсо, айдоочуларга карата чара көрүлөт.

Буга чейин автобус айдоочулары планды аткаруу оорчулук жаратып, аны толтуруу үчүн “жарышка түшүүгө” туура келип жатканын айтышкан.

Эске салсак, буга чейин мэр Айбек Жунушалиев автобус башкармалыгында жыйын куруп, бир нече ирет эреже бузган 24 айдоочуну иштен алууну тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан